Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Япония Императору Акихитону туулган күнү менен куттуктады.
Куттуктоо телеграммасында Мамлекет башчысы кыргыз-япон кызматташтыгы мындан ары да өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү диалог багытында өнүгө турганына ишеним билдирди.
«Япония Өкмөтүнүн өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жана демократиялык коомду курууга көрсөтүп жаткан колдоосун жана көмөгүн Кыргыз Республикасы жогору баалайт», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.
Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле Император Акихитону келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, ага бекем ден соолук жана бакубатчылык, ал эми дос Япония элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.