Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрда, Өзбекстан Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын биринчи Президенти Ислам Каримовдун Самаркандагы бейитине гүл койду.
Мамлекет башчысы Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев менен бирге Өзбекстандын биринчи Президенти Ислам Каримовдун элесин эскерип, сый-урмат көрсөттү.