Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге судьялык кызматтарга талапкерлер сунушталды:
- КР Жогорку сотуна - 5 адам;
- жергиликтүү сотторго: Кызыл-Кыя шаар сотуна (1 адам), Баткен облусунун Баткен (1 адам) жана Кадамжай (1 адам) райсотторуна, Талас облусунун Талас шаар сотуна (1 адам) жана Нарын облусунун Нарын шаар сотуна (1 адам) – бардыгы 5 талапкер.
2016-жылы 16-декабрда Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аӊгемелешти. Анын жыйынтыгын жана кошумча алынган маалыматтарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти КР Жогорку сотунун судьялыгынын кызматына 3 талапкер жана жергиликтүү соттордун судьялыгынын кызматына 4 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунуштарына макулдугун берди.
Ар кайсы мамлекеттик органдардан кошумча алынган маалыматтарды жана пикирлерди изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылы 26-декабрда 3 талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо кеңешине кайтарып берди.
Андан ары КР Жогорку сотунун судьялыгынын кызматына талапкерлерди кароо жана көрсөтүү «КР судьяларынын статусу жөнүндө» КР конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
КР жергиликтүү сотторунун судьялыгынын кызматына талапкерлер боюнча Мамлекет башчысы 2 жарлык чыгарды.
Биринчи жарлык менен конкурстардан тандалган 4 талапкер Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөт менен жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалды.
Экинчи жарлык менен дайындалган 4 судья судьялык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:
Кызыл-Кыя шаар сотуна: Ахматов Нурлан Төлөгөнович, Баткен райондук сотуна: Оморов Расул Бактыбекович, Кадамжай райондук сотуна: Алимбекова Жылдыз Кубанычевна, Нарын шаар сотуна: Жоробекова Айнагүл Мамаюнусовна.
Андан ары жергиликтүү соттордун судьялыгынын калган кызматтарына талапкерлерди кароо жана көрсөтүү «КР судьяларынын статусу жөнүндө» КР конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.