Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.
«Кирип келген жаңы 2017-жыл менен Сизди чын ниетимден куттуктайм! 2017-жылы Азербайжан менен Кыргызстан ортосундагы кызматташтык жана салттуу достук байланыштар өнүгүп жана бекемдейт деп ишенем», - деп айтылат телеграммада.
Азербайжан Республикасынын Президенти Президент Алмазбек Атамбаевге бекем ден соолук жана бакыт, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык менен бакыбаттык каалады.