Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын темир жол кызматкерлери менен ардагерлерин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын темир жолчуларынын күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосу:
«Урматтуу Кыргызстандын темир жол кызматкерлери жана ардагерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын темир жолчуларынын күнү менен куттуктайм!
Өлкөнүн экономикалык өсүшүн жана калктын социалдык жыргалчылыгын арттыруу максатында темир жол транспортун өнүктүрүү жана анын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу — мамлекет үчүн артыкчылыктуу милдет болуп саналат.
Улуу Жибек жолунун жана Борбор Азиядагы регионалдык экономикалык байланыштардын болочоктогу өрүш алышын эске алуу менен Кыргызстанда темир жол транспортун өнүктүрүү зарыл. Бир катар артыкчылыктуу жана регионалдык долбоорлордун ишке кириши менен экономиканын чектеш секторлорун өнүктүрүүгө жаңы түрткү пайда болот, аймактарда жаңы жумуш орундарынын саны өсөт жана өлкөнүн транспорттук потенциалы жогорулайт.
Мамлекеттин алдында турган масштабдуу милдеттерди ишке ашыруудагы мындан аркы кайратман жана натыйжалуу эмгек өлкөнүн темир жол транспорт комплексин бекемдөөгө жана элибиздин турмушун жакшыртууга темир жолчулардын кошкон олуттуу салымы болот!
Баарыңыздарга бекем ден-соолук, зор бакыт, бакубатчылык жана мындан аркы ийгиликтерди каалайм!»