Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Балдар үйлөрүн жана интернат тибиндеги мекемелерди реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун алгачкы жыйыны болду

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисининин биринчи орун басары Досалы  Эсеналиевдин төрагалыгы алдында  балдар үйлөрүн жана интернат тибиндеги мекемелерди реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун алгачкы жыйыны болду.

Жыйында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалыматтары угулуп, жумушчу тобунун негизги максаттары жана милдеттери талкууланды.

Эксперттик жумушчу тобунун курамы мамлекеттик органдардын, ошондой эле балдар кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн илгерилетүү, баланын үй-бүлө камкордугуна болгон укуктарын коргоо, турмуштук кыйын кырдаалда балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча кызматтарды түзүүгө көмөктөшүү чөйрөсүндө активдүү иш алып барышкан өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн турат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын 19-июлундагы өлкөнүн жарандык коомунун өкүлдөрү менен жолугушуусу учурунда «Баланын укуктарын коргоочулар Лигасы» ачык коомунун жетекчиси   Назгүл Турдубекова  үй-бүлөлөрдү колдоо жана балдарды коргоо маселелерин көтөргөн болчу.

27-июлда Мамлекет башчысы балдар үйлөрү системасын реформалоо маселелерин талкуулоо үчүн «Баланын укуктарын коргоочулар Лигасы» коомдук уюмунун директору Назгүл Турдубекованы кабыл алган.  Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын алдында балдар үйлөрүн жана интернат тибиндеги мекемелерди реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топту түзүү чечими кабыл алынган болчу.

2018-жыл 7-август