Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Индонезиянын Президенти Джоко Видодого жер титирөөлөрдүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Индонезия Республикасынын Президенти Джоко Видодого Индонезиянын Ломбок аралында болгон жер титирөөлөрдүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Индонезия Республикасынын Ломбок аралында болгон жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтуу менен, бардык жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм”, – деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

 

 

2018-жыл 7-август