Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев  менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7- августа,  Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондук сүйлөшүүдө мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, Кыргызстанда өтө турган Түрктилдүү мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кызматташуу кеңешинин 6-чы Саммити тууралуу сүйлөшүштү.

2018-жыл 7-август