Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров Непалдын Президенти Бидхья Деви Бхандариге авиакырсыктан улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Непал Федеративдик Демократиялык Республикасынын Президенти Бидхья Деви Бхандариге авиакырсыктан улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Покхара шаарына жакын жерде авиакырсык болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан кырсыктын кесепетинен каза болгондордун туугандарына, жакындарына жана Непал элине кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

2023-жыл 17-январь