Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Азербайжандын элчиси Латиф Гандилов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 13-мартта, Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Латиф Ганлдилов менен жолугушту.

Жолугушуу жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык алаканын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өткөрүү пландалып жаткан биргелешкен иш-чаралар талкууланды.

2023-жыл 13-март