Бүгүн, 2013-жылдын 18-сентябрында, Брюсселде, жумушчу сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди Бельгиянын Королу Филипп расмий түрдө кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кыргыз-бельгия мамилелерин мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.