Бүгүн, 2013-жылдын 18-сентябрында, Брюсселде, жумушчу сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бельгиянын Федералдык Парламентинин Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Андре Флау жана Бельгиянын Сенатынын Төрайымы Сабина де Бетюн менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда парламенттик демократияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасы менен Бельгия Королдугунун ортосунда парламенттер аралык кызматташууну мындан ары чыңдоо маселелери талкууланды.