ЖККУнун Жамаатык коопсуздук кенешинин сессиясында 2020-жылдарга чейинки мезгилде ЖККУ мамлекеттеринин аскердик кызматташууну өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аткаруу боюнча иш чаралары, Уюмдун 2014-жылга бюджети, ошондой эле уюштуруучулук жана административдик-финансылык маселелер каралды.
Ошондой эле 2014-жылы Афганистандан коалициянын аскерлерин чыгарууну эске алуу менен Афганистандагы кырдаал талкууга алынып, “Тажик-афган чек арасын чыңдоо боюнча Тажикстан Республикасына жардам көрсөтүү жөнүндө” чечим кабыл алынды.
Сессияда “Жамааттык коопсуздук келишими жөнүндө уюмдун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын коммюникесине” кол коюлду жана ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин “Сириядагы жана анын тегерегиндеги кырдаал жөнүндө” билдирүү кабыл алынды.
ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин башчылары Кыргызстан Уюмда төрагалык кылган мезгилге жакшы баа беришти.
Жалпысынан уюмдун мамлекеттери ЖККУнун алкагында аскердик кызматташуу жана азыркы заманбап коркунучтарга, атап айтсак терроризмге, экстремизге, баңги заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз жүгүртүүгө, мыйзамсыз миграцияга жана маалыматтык коопсуздукка коркунучтарга каршы туруу боюнча жыйынтыктарга баа берилди. ЖККУ жамааттык коопсуздук системасын чыңдоодон жана анын натыйжалуулугун жогорулатуудан тайбастыгын ырастап билдирди.