Бүгүн, 2013-жылдын 3-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын транcпорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султановду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр Мамлекет башчысына «Ош - Баткен - Исфана», «Бишкек - Торугарт», «Түп - Кеген», «Кубакы – Балыкчы» унаа жолдорундагы реабилитациялоо жана курулуш иштеринин жүрүшү, ошондой эле «Ош-Баткен» унаа жолунун Ноокат ашуусундагы жолду реконструкциялоо иштери тууралуу маалымат берди.
Мындан тышкары өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарын бириктирүүчү пландаштырылып жаткан альтернативдүү унаа жолун куруу маселеси да талкууланды.