Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2013-жылдын 4- жана 5-октябрында Баткен облусуна, 6-октябрда Ош облусунун Ноокат районуна иш сапары менен барат.
Иш сапарынын жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев аймактын социалдык-маданий объекттери, ирригациялык системалардын курулушу менен таанышып, билим берүүчү мекемелердин ачылышына катышат.
Ошондой эле Президенттин белгилүү коомдук жана саясий ишмерлер Абсамат Масалиев жана Насирдин Исановдун эстеликтеринин ачылышына катышуусу күтүлүүдө.