Бүгүн, 2014-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына жасаган расмий сапарынын алкагында Абу-Дабинин Мураскор Принци, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын орун басары Шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен Мушриф ак сарайында жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, укук коргоо жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кыргыз-эмираттык мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы менен Мураскор Принц эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун, Кыргызстан менен БАЭ бизнес-чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүнүн маанисин баса белгилешти.
Абу-Дабинин Мураскор Принци, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын орун басары Шейх Мухаммед бин Заид Аль Кыргызстандын Президентинин эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы Абу-Дабиге алгачкы ирет расмий сапары кыргыз-эмираттык кызматташуусуна бекем негиз түзөөрүн баса белгиледи.
Президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин ачылышы эки тараптуу мамилелерди динамикалуу өнүктүрүүгө өбөлгө болоорун белгиледи.