Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Эль-Фуджайранын Мураскор Принци Мухаммад бин Хамад Аль Шарки менен жолугушту

2014-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапарынын алкагында Эль-Фуджайра эмиратынын Мураскор Принци Мухаммад бин Хамад Аль Шарки менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Эль-Фуджайра эмиратынын ортосундагы соода-экономикалык тармакта кызматташтыкты баштоо тууралуу маселелер талкууланды.

Алмазбек Атамбаев менен Мухаммад бин Хамад Аль Шарки кайра иштетүү тармагын, туризм чөйрөсүн, ошондой эле жаратылышты коргоо ишмердүүлүгүндө өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн маанисин белгилешти.

2014-жыл 7-декабрь