Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык төмөнкүдөй токтом кылынат:
Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши жазык жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына макулдук бергендигине байланыштуу:
Маматов Абдыган Оморович, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудан четтетилсин;
Ташбаев Сатыбалды Кочкорович, Ош облусунун Ноокат райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудан четтетилсин;
Исаев Мирлан Асекович, Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудан четтетилсин;
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.