Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-февралда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди жылнаама боюнча Жаңы жылы – Жаз майрамы менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоо тексти:
«Жылнаама боюнча Жаңы жыл – Жаз майрамы менен Сизди чын дилимден куттуктоого уруксат этиңиз.
Биздин өлкөлөр ортосундагы достук жана кошуналык жылуу карым-катнаштар мындан ары да ургаалдуу саясый диалогго, ошондой эле эки тарапка пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкка жана стратегиялык долбоорлрдун ишке ашырууга өбөлгө болот деп ишенем.
Ыңгайлуу учурдан пайдаланып, кыргыз-кытай алака-катыштарын бекемдөөгө жеке көңүл бөлгөнүңүз жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көмөк көрсөткөнүңүз үчүн ыраазылык айткым келет.
Улуу урматтуу Төрага, Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык жана мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди, ал эми Кытай Эл Республикасынын дос элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм».