Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдик Республикасынын Федералдык Президенти Йоахим Гаук менен Федералдык канцлер Ангела Меркелге Жогорку Бавариядагы адамдардын курмандыгына алып келген темир жол кырсыгына байланыштуу көңүл айтты.
Мамлекет башчысы курман болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабырлануучулардын бардыгына алардын тезирээк сакайып кетишине тилектеш экендигин билдирип коюуну өтүндү.