Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекет башчыларынын кеңири курамдагы жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-майда Казакстан Республикасына бир күндүк иш сапарынын алкагында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекет башчыларынын Астанада өтүп жаткан жыйынына катышты.

Кеңири курамдагы жыйындагы сөзүндө Мамлекет башчысы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекет башчыларынын жолугушуусун жакшы уюштургандыгы жана жылуу маанайда тосуп алгандыгы үчүн Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаевге ыраазылык билдирди.

«Кыргызстан Евразиялык интеграция долбоорун колдоп, Евразиялык экономикалык биримдик келишимине кол койгондон бери бир жыл өттү. Мисалы, кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлүнүн алынышы, Россияда жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө мигранттардын абалынын жакшырышы сыяктуу интеграциянын оң жактарына карабастан, бир катар маселелерге токтолгум келет. Бул бирдиктүү  темир жол тарифинин, кыргыз картошкасынын Казакстанга киришин чектөө, кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөлдү алуу, Россия аймагы аркылуу товарларды ташуу жана башка маселелер», - деди Алмазбек Атамбаев. 

Президент Алмазбек Атамбаев бул маселелерди түшүнүп жана кыска мөөнөттө чечүү убадасы үчүн Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаевге жана Россия Президенти Владимир Путинге ыраазылык билдирди.

«Кызматташтыктын ушундай форматын колдоо менен мен интеграциянын негизги максаттарына жетүүгө мындан ары да сиздерди колдоого жана өз кызматтарыӊыздарды ар кандай тоскоолдуктарды жоюуга багыттоого чакырат элем. Анткени тоскоолдуктар Биримдиктин беделине доо кетириши мүмкүн. Келишимге 2014-жылы 29-майда кол коюлган, эки гана жыл болду. Бирок биздин Биримдиктин зор потенциалы  көзгө көрүнүп калды. Албетте, бир катар жыйынтыктар жана ийгиликтер менен кошо кемчиликтер жана жаңылыштыктар, атайылап жасалган проблемалар да бар. Кыязы, өсүп келаткан жаш организмде ошондой болот окшойт», - деди Алмазбек Атамбаев.

«Биздин элдерде, биздин өлкөлөрдө башка жол жок экенин биз так түшүнүүгө тийишпиз. Биримдиктин келечегине, биздин өлкөлөрдүн келечегине баарыбыз жооптуубуз. Эмгек менен сабырдуулук, акылмандык менен өз ара кызматташуу керек», - деп корутундулады Мамлекет башчысы.

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттер башчылары жыйында Биримдик ичиндеги жана үчүнчү өлкөлөр менен да кызматташтыктын маанилүү маселелерин талкуулап, тийиштүү чечимдерди кабыл алышты.

2016-жыл 31-май