Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы жана Египеттеги Элчиси Абдилатиф Жумабаев эки ишти айкаштыруу менен Кыргызстандын Түштүк-Африка Республикасындагы Элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-июнда кол койгон Жарлыкка ылайык  Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясы Королдугундагы жана Египет Араб Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жумабаев Абдилатиф Кудайкулович Эр-Рияд шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкаштыруу боюнча Кыргызстандын Түштүк-Африка Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси  болуп дайындалды.

2016-жыл 22-июнь