Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Замирбек Айдаров Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулду

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө”Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкта токтом кылынат:

- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Айдаров Замирбек Казакбаевич ээлеген кызматынан бошотулсун;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тийешелүү жактыруусу алынганга чейин  З.К. Айдаровго Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин милдеттерин аткаруу жүктөлсүн.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2016-жыл 23-июнь