Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-июнда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында өткөн салтанаттуу аземде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков,  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Замирбек Айдаров, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик  комитетинин төрагасы Дүйшнбек Зилалиев жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш Мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев ант беришти.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрү мурда Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү Жарлыктары менен бекитилген.

Ант берүү аземине Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков дагы катышты.

2016-жыл 30-июнь