Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: «Кыргызстанда эркин жана билимдүү адамдар мууну өсүп келатат, алар өлкөнү дүйнөдө алдыңкылар катары чыгарышат»

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-июлда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча  эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө мактоо баракчаларын тапшырды.

Мамлекет башчысы мыкты бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аякташы менен куттуктады. «Мен абдан сыймыктануу жана толкундануу менен силерге мактоо баракчаларын тапшырып жатам. Силердин жалындуу көзүңөрдү, жарык чачкан маңдайыңарды көргөндө өлкөбүздүн келечеги кең экенине ишенем. Бул силердин өмүр жолуңарда алгачкы жеке ийгилиңер, чоң жеңишиңер. Алган билимиңер калган өмүрүңөрдө ийгиликтерге данакер болот», - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстанда эркин адамдар мууну өсүп, билимдүү жаштар катары калыңдап жатат, мына ошолор өлкөнү дүйнөдө алдыңкылар катары чыгарышат. «Мээнетиңердин акыбети кайтып, өлкөнүн каалаган мамлекеттик окуу жайынан каалаган адистикти тандай аласыңар. Бизге билимдүү, заман талаптарына жооп берген адамдар керек, - деди Алмазбек Атамбаев. – Мамлекетибиз билимдүү адамдарга таянат. Бюджетинин 20 процентинен ашыгын билим берүүгө сарптаган дүйнөдө бизден башка бир да мамлекет жок.  Билимге салынган инвестициянын кайтарымы чоң, ошондуктан биз туура жолдобуз. Бизде мунайзат да, газ да жок. Биздин башкы капитал - силерсиңер».

Мамлекет башчысы азыркы технолгиялык доордо кесип тандоонун маанилүүлүгүнө токтолду. «Мен кезинде короо шыпырдым, от жактым, жүк ташыдым, сугатчы да болдум. Жаман бир да иш болбойт. Башкадан өзүн бийик сезген ууру министр болгондон көрө үй жыйнагыч же короо шыпыргыч болгон артык. Эч качан эч кандай иштен тартынбагыла. Бардык иштин кадыры бар, - деди Алмазбек Атамбаев. – Жогорку технологиялар доорунда талап кылынган кесипти тандагыла. Азыр жергебизде аргардык өнөр жай, энергетика, жеңил жана тамак-аш өнөр жай, туризм тармактарына адистер көп керек болорун изилдөөлөр көргөздү».

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан болгону 25 жашка чыгып жатканын белгиледи. «Мамлекетибиз али жаш, ошондуктан, ар кимибиз күн сайын эмгегибиз аркылуу бекемдөөгө тийишпиз. Мамлекетибиз күчтүү болушу үчүн билимдүү, ыймандуу, мекенчил адамдар арбын болушу керек. Билимдүү болуу аздык кылат, ыймандуу жана чынчыл болгула», - деди өлкө Президенти.

Сөзүнүн аягында Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөргө чың ден соолук, бакыт-таалай, максатына жетүү үчүн өжөрдүктү жана ийгиликтерди каалады.

Андан кийин Президент Алмазбек Атамбаев өлкө мектептеринин 52 мыкты бүтүрүүчүсүнө мактоо баракчаларын тапшырды. Алар ошондой эле Мамлекет башчысынын колунан башка баалуу белектерди – планшеттер менен бир жолу берилүүчү 10 миӊ сом өлчөмүндөгү стипендияны алышты.

Андан тышкары Мамлекет башчысынын демилгеси менен баалуу белектер менен акчалай сыйлыктар жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча  эң жогорку балл алган аймактардагы мектептердин 15 бүтүрүүчүсүнө тапшырылды.  

2016-жыл 1-июль