Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: "Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин өрнөктүү өмүрү – чынчылдыктын, чыныгы интеллигенттүүлүктүн, асылзаттуулуктун жана мекенчилдиктин үлгүсү"

«Кыргызстан Президенти Алмазбек Атамбаев эл акыны Сүйүнбай Эралиевди кыргыз поэзиясынын классиги эле эмес, өз элинин көрүнүктүү уулу экенин ар дайым белгилеп келген. Ал чыныгы элдик акын, анын өрнөктүү өмүрү – чынчылдыктын, өз ишине берилгендиктин, чыныгы кесипкөйлүктүн, асылзаттуулуктун жана мекенчилдиктин үлгүсү», - деди Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Фарид Ниязов бүгүн, 18-июлда Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиевдин тажыясында. Ал Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин атынан бардык кыргызстандыктарга, маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси өз сөзүндө көзүнүн тирүүсүндө кыргыз поэзиясынын классиги аталган Сүйүнбай Эралиевдин өмүрү жана чыгармачылык жолу кыргызстандыктардын көптөгөн муундарына эң сонун үлгү болуп калаарын айтты.

«Ал көзү тирүүсүндө улуу инсан эле жана мындан ары да өзү арабызда жок болсо да, ошол бойдон калат. Сүйүнбай Эралиев өзгөчө тубаса таланттуу акын болчу. Анын поэзиясы интеллектуалдык тереңдикке сугарылган, ой-чабыты ааламды чапчыган, бийик парасаттуу поэзия. С Эралиевдин калеминен жаралган «Ак Мөөр» поэмасынын чыгышы анын нагыз акындык жүзүн көрсөтүп, кыргыз поэзиясына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан. Ак Мөөрдүн армандуу тагдырына арналган бул чыгарма акындык өнөрдү дүйнөлүк деңгээлге  жеткирди. Анын «Жылдыздарга саякат» поэмасы да жаңыча изденүүнүн натыйжасы болгон.  Ал жалпы кыргыз поэзиясына жаңыча көрүнүш катары кирген»,- деди Фарид Ниязов.

КР Президентинин Аппаратынын Жетекчиси С.Эралиев А. Пушкиндин, М. Лермантовдун, У. Уитмендин, Р. Тагордун, С. Есениндин, М. А. Твардовскийдин, Турсун-Заденин, Р. Рождественскийдин, Ф. Шиллердин жана башка улуу акындардын чыгармаларын кыргыз тилине которгонун белгиледи.

«С.Эралиевдин эң баалуу сапаты – бул анын  эмгекчилдиги,  изденгичтиги, кажыбас кайраттуулугу, анын жаңычылдыкка, өрдөн өргө умтулуусу болчу»,- деди Фарид Ниязов.

Ал С.Эралиев бүт өмүрүн поэзияга арнаганын баса белгиледи. Ал Жараткандан энчиленген акындык өнөрдү өтө урматтап-сыйлап, ага өтө олуттуу, артыкча жоопкерчиликтүү мамиле жасады. С.Эралиевдин карманган чыгармачылык принциби, анын турмуштагы  жана чыгармачылыктагы кредосу – санга эмес, сапатка кароо, эч качан тар кызыкчылыктарга (коньюнктура) азгырылбай, алданбай түз жашоо болчу.

«С.Эралиев мансапка, атак-даңкка, наамдарга кызыкчу эмес. Ал үчүн алып сатарлык кылып, мурдагы же азыркы бийликке жүгүнүп, жулунбаган сыпаа, жөнөкөй, чыныгы мырза жана интеллектуал инсан болчу. Кийинки 20-25 жыл ичинде айрым кыйчалыш учурда С. Эралиев бийликтин кысымына токтоолук, кеменгерлик менен туруштук берген. Ал улам бир жээкке чарпылбастан, адамдык сапаты бийик, туруктуу, эрктүү инсан катары өз абийирине камчы чапкан жок. Ал абийирин, ыйманын таза сактап, байсалдуу өмүр сүрдү. Мындай өмүргө, мындай инсанга, албетте, суктанып, андан ар убак өрнөк алуу керек», деди КР Президентинин Аппарат Жетекчиси.

2016-жыл 18-июль