Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, бүгүн 27-июлда «А.А.Максутов жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыкта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1 бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:
Максутов Алтынбек Аскарович Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматынан бошотулсун.
Жарлык кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.