Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-августта Кыргызстан Эл ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовду кабыл алды.
Жолугушууда Мамлекет башчысы Кыргызстан Эл ассамблеясынын ишмердиги тууралуу маалыматты укту. Ассамблея мезгилдин талаптарына, жаңы иш милдеттерине жана ролуна жараша этнос аралык мамилелерди башкаруунун заманбап демократиялык системасында өз ордун таап жатат.
Токон Мамытов бардык этно-маданий борборлордун мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү маселелерин координациялоо иштерин өркүндөтүү, Кыргызстанда жашаган этностук топтордун өкүлдөрүнүн укуктарын камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, андан тышкары Эл биримдигинин жана этнос аралык мамилелердин концепциясын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу айтып берди.
Президент Алмазбек Атамбаев тил жана маданий көп түрдүүлүк принциптерине негизделген заманбап демократиялык коом курууда Кыргызстан Эл ассамблеясынын өзгөчө маанисин белгиледи.
Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстан Эл ассамблеясы өлкөдө этнос аралык конструктивдүү диалогду сактоонун жана өркүндөтүүнүн эң натыйжалуу жолдорун аныктоодо маанилүү роль ойноого тийиш.