Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын, Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги тутумун 2023–2026-жылдары өнүктүрүүнүн» Мамлекеттик максаттуу программасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоору иштелип чыккан.
Ушуга байланыштуу «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги тутумун 2023–2026-жылдары өнүктүрүүнүн» Мамлекеттик максаттуу программасы адилеттүү жана натыйжалуу сот адилеттигин түзүүгө багыт алууда.
Максаттуу программаны иштеп чыгууга сот органдарынын өкүлдөрү да, юстиция органдарынын, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын, жарандык коомдун жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да катышты.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан иштелип чыккан.
Сын-пикирлер жана сунуштар Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төмөнкү почта жана электрондук даректерине: Бишкек ш., Табышалиев көч., 15, [email protected] же Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жооптуу катчысы К.Боронбаевге 0(557) 015500, 0(312) 313023 телефондору аркылуу жиберилсин.