Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" Жарлыкка кол койду.

 Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык,  токтом кылынат:  

  1. ЕАЭБ ТЭИ ТН 7204 коду менен классификациялануучу кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) 2022-жылдын
    1-декабрынан тартып алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
  2. Кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) кайра иштетүү Кыргыз Республикасынын аймагында гана жүзөгө ашырылат деп аныкталсын.
  3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
  4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:

– өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

– ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну 2023-жылдын 1-июнунан тартып алты ай сайын узартып турсун;

– ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка толук чараларды көрсүн.

  1. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
2022-жыл 15-ноябрь