Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол коюлду  

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. 

Алардын ичинен беш Жарлык Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө 1920 адам (1479 - чоңдор жана 441 - балдар), алардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар. 

Ошондой эле, бир Жарлык Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу боюнча 205 адам (анын ичинен 187 - чоңдор, 18 - балдар). 

Бардыгы болуп 2125 адамдан (1666 - чоңдор жана 459 - балдар) арыз түшкөн.

2023-жыл 16-январь