Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абиров Жаныбек Болотбековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59, 65-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
1) шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан бекитилген чыгымдардын сметасына ылайык зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлсүн;
2) шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун, электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтарды алмашууну, мыйзамдарда аныкталган маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз жана коопсуз байланыш каналдарын, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүүнү жана анын маалыматтарын актуалдаштырууну камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтсүн;
3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардан келип чыгуучу башка иш-чараларды белгиленген тартипте ишке ашырууну камсыз кылсын.
5. Бишкек шаарынын мэри шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин түзүү, тактоо, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү аткаруу органдарынын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.