Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Санкт-Петербург шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу пайда болот

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.  

“Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө жана “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын региондору менен ар тараптуу байланыштарын активдештирүү жана өнүктүрүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук тейлөө максатында токтом кылынат:

  1. Карелия Республикасынын, Коми Республикасынын, Архангельск, Вологда, Калининград, Ленинград, Мурманск, Новгород, Псков облустарынын жана Санкт-Петербург шаарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу уюштурулсун.
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

– Санкт-Петербург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун ишин уюштуруучулук жана финансылык камсыздоо маселелерин чечсин;

– өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

  1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Жарлыктан келип чыгуучу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы канцеляриясын (бөлүмүн) жабууга багытталган чараларды көрсүн.
2023-жыл 8-май