Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Россия Федерациясынын Казань шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду
“Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө жана “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Россия Федерациясынын Казань шаарындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук тейлөө максатында токтом кылынат:
– Казань шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун ишин уюштуруучулук жана финансылык камсыздоо маселелерин чечсин;
– өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.