Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР Президентинин Администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн 2021-жылдын 9-14-августуна чейин аткарган негизги иштери

  • 2021-жылдын 14-августунда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында жаңыдан курулуп бүткөн фельдшердик-акушердик пункттун, бала бакчанын жана мечиттин ачылыш аземи өткөрүлдү. Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жетекчиси Сүйүнбек Сапарбекович Касмамбетовдун атынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары О.Э. Капалбаев куттуктоо сөз сүйлөп, аталган мекемелердин курулушуна демөөрчүлөрдү тартып, көмөк көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Баатыры А.Т. Алымкуловго ыраазычылык кат тапшырды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Бакай-Ата районунун администрациясы жана жергиликтүү тургундар катышып, демөөрчүлөргө жана курулуш иштерин бүтүргөндөргө ыраазычылыктарын билдиришти.

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-июлундагы № 313 “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 11-августундагы №293 Тескемесине ылайык аталган концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү.

Аталган жумушчу топ ОБСЕнин каржылоосунун негизинде Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 3 күндүк семинар өткөрдү. Семинарда иш-чаранын планын түзүүдө кайсыл маселелерге көңүл буруу зарылдыктары белгиленди.

  • Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун жана КР Президентинин Администрациясынын дарегине келген каттарга жооп берүү жана кайрылуу ээлерин кабыл алуу иштери уюштурулду.

 

 

 

2021-жыл 14-август