- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ж.К. Бакашованын Кыргыз эл акыны Меңди Мамазаированы, коомдук ишмер жана акын Сонунбүбү Кадырованы жана “Табигатка шайкештик” коомдук фондунун төрагасы Нурбүбү Кененбаеваны кабыл алуусу уюштурулду. Жолугушууда аялдардын коомдогу ролу жана орду тууралуу ойлор угулуп, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Аялдардын улуттук лигасын түзүү сунуштары ж.б. ойлор айтылды.
- «Парк отель» мейманканасында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган тегерек үстөл өткөрүлдү. Тегерек үстөлдүн максаты өлкөбүздүн ынтымагын, туруктуулугун камсыз кылуу жана азыркы саясий маселелерди талкуулоо болду. Жыйындын аягында катышуучулардын бардыгы, күз айларында көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн улуттук диалог өткөрүү туура экендигин сунушташты.
Жыйынга КР Мамлекеттик катчысы Ч. Абыкеев, КР Президентинин кеңешчиси Б. Борубашов, КР Президентинин Администрациясынын бөлүм башчысы К. Базарбаев, КР Жогорку Кеңешинин Төрагасынын өкүлү, белгилүү коомдук ишмерлер жана саясатчылар катышып, өздөрүнүн ой пикирлерин айтып, кеңештерин жана сунуштарын беришти.
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Ч.А. Абыкеевдин тапшырмасы менен бирдиктүү саясий, административдик кызматчыларга жайылтуучу мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын этика боюнча кодексин иштеп чыгуучу жумушчу топ түзүлгөн. Аталган жумушчу топ бир катар отурум өткөрүп, кодекстин долбоорун иштеп чыгып, талкуу уюштурулду. Талкуунун жыйынтыгында, иштелип чыккан жогорку долбоор министрликтерге жана ведомстволорго макулдашууга жөнөтүү тапшырмасы берилди.
- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Аппаратында Европа Биримдиги жана Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) тарабынан каржыланган “Кыргыз Республикасында Мыйзамдын үстөмдүгү – II баскыч” программасынын каржылык колдоосу менен “Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу” темасында тегерек үстөл өткөрүлдү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык, бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын катышуучулары туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруунун жүрүшүн жигердүү талкуулашып, Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча сунуш пикирлерин айтышты.
- “Тынчтык жана өнүгүү” коомдук фондунун “Жаш тынчтык куруучулар” долбоорунун алкагында “Тынчтыкты куруу жана социалдык биримдик боюнча жергиликтүү деңгээлдеги тынчтык клубдарынын демилгелери” деген темада улуттук тегерек үстөл болуп өттү. Тегерек үстөлгө республиканын бардык облустарынан жаш тынчтык куруучулар чакырылды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан бөлүмдүн эксперттери С.К. Тажиматов жана Д.У. Суйунов катышышып, тынчтык куруу боюнча жаштардын демилгелерине сунуштарын беришти.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нурай Марс менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушууда КР Президентинин 2021-жылдын 24-июлундагы № 313 “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу” Жарлыгынын тегерегинде сүйлөшүүлөр жүрүп, бирдиктүү иш алып баруу сунуштары айтылды.
- Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун жана КР Президентинин Администрациясынын дарегине келген каттарга жооп берүү жана кайрылуу ээлерин кабыл алуу иштери уюштурулду.