Отчеттук мезгил ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмү тарабынан төмөнкү багыттар боюнча иштер жүргүзүлдү:
- мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйруктарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишине укуктук экспертиза жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин ишин укуктук жактан камсыз кылуу;
- кабыл алынган мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйруктарын белгиленген тартипте системага салуу жана кодификациялоо (актылардын кагаздагы нускаларын каттоого алуу жана контролдогу абалда кармоо).
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине бөлүмдүн компетенциясынын чегинде укуктук консультация берүү.
2021-жылдын 15-20-августуна чейинки мезгил аралыгында төмөнкүдөй документтерге экспертиза жүргүзүлдү:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору жана буйруктарынын долбоорлору – 31;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйруктарынын долбоорлору – 12;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинен келип түшкөн мыйзам долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кат жүзүндө даярдалган корутундунун долбоору – 1;
- Жогорку Кеңеш кабыл алган жана Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюуга келген мыйзамдар – 7.
Отчеттук мезгил ичинде бөлүм тарабынан туруктуу негизде төмөнкү маселелерге контроль жүргүзүлүп турду:
- колдонуудагы мыйзамдарды жана алардын чечимдерин Конституцияга ылайык келтирүү бөлүгүндө, мамлекеттик органдар тарабынан 2021-жылдын 5-майындагы № 59 “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 55-б буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча иш;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчилигинин протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердиги.
Отчеттук мезгил ичинде белгиленген тартипте башка документтер жана жарандардын кайрылуулары каралды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.