Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР Президентинин Администрациясынынэл аралык кызматташтык бөлүмүнүн 2021-жылдын 9-августунан 20-августуна чейин аткарган иштери жөнүндө маалыматы

-10-августта КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары А.А.Касымалиевдин төрагалыгы астында КР Россия Федерациясынын Свердлов облусу менен кызматташууну күчөтүү маселеси боюнча мамлекеттик органдарынын жыйыны өттү;

-12-августта КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы У.А.Мариповдун Вьетнам Социалисттик Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нгуем Тхи Хун Оан менен жолугушуусу даярдалып, өткөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды;

-12-августта КР Президентинин Администрациясынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы А.А.Айдарбековдун төрагалыгы астында кыргыз тараптан Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Элчилигине салыкты кайтаруу маселеси боюнча КР тийиштүү мамлекеттик органдарынын жыйыны болуп өттү;

-13-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүү боюнча көчмө жыйыны даярдалып, өткөрүлдү;

-14-августта КР Президентинин Администрациясынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы А.А.Айдарбековдун жетекчилиги астында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүү жөнүндө КР мамлекеттик органдарынын жыйыны болуп өттү;

-17-августта КР Президентинин Администрациясынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы А.А.Айдарбековдун жетекчилиги астында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүү жөнүндө КР мамлекеттик органдарынын жыйыны болуп өттү;

-19-20-августта Чолпон-Ата шаарында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы У.А.Мариповдун катышуусу менен Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйналышы даярдалып уюштурулду. Иш чаранын жыйынтыгында биримдикти мындан ары интеграциялоого багытталган бир катар маанилүү документтерге кол коюлду;

- 9-августта КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ж.К.Бакашованын Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ф.Делаус жана Германия Федеративдик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчисинин орун басары Д.Вестенфельдер менен маданият тармагындагы кызматташуу маселесин талкуулоо максатында жолугушуусу даярдалып өткөрүлдү;

 -19-августта КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы У.А.Мариповдун Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы М.В.Мишустин менен Чолпон-Атада өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында эки тараптуу жолугушуусу даярдалып, өткөрүлдү;

-19-августта КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы У.А.Мариповдун Казакстан Республикасынын Премьер-министри А.У.Мамин менен Чолпон-Атада өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында эки тараптуу жолугушуусу даярдалып, өткөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында, 2021-жылдын 2-апрелинде тараптар кол койгон Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин тогузунчу отурумунун Протоколуна жүк ташуу процессин жеңилдетүү жагында өзгөртүү киргизүү жөнүндө Протоколго кол коюлду. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында күздүк себүү үчүн казак тараптан 1000 тонна үрөн бөлүү боюнча макулдашууга жетишилген.

Мындан тышкары, өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү Концепциясына кол коюлду.

2021-жыл 20-август