Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровго Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун 6 (алты) судьясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу аларды өз кызмат орундарына дайындоо жөнүндө сунушталып, Мамлекет башчысынын 2021-жылдын 26-августунда жарлыктары чыкты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес чөйрөсүнүн сунушу менен 2021-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасында коммерциялык жана административдик талаштарды жөнгө салуу системасын өркүндөтүүдөгү көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору тууралуу бөлүм уюштурган тегерек стол болуп өттү.
Жума ичинде бөлүмгө 30 кат келип түштү. Алардын аткарылышы көзөмөлгө алынган. Мындан тышкары, 7 жаран бөлүмдө жеке кабыл алууда болду.