Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Санариптик өнүгүү бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндө маалымат

  1. Кыргыз Республикасындагы Австрия Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Вилли Кемпель мырза менен жолугушуу өткөрүлдү

 

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-августундагы № 106 токтому менен Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамы актуалдаштырылды.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен салмак габариттик контролдоо системаларын Кыргыз Республикасынын санариптик өнүгүү министрлигинин алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин карамагына өткөрүп берүү боюнча чараларды караган 2021-ж. 27.08. № 154 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды.

 

  1. Креативдүү индустрия паркын түзүү маселеси боюнча министрлер кабинетинин төрагасы У.А. Мариповдун жетекчилиги алдында кеңешме өттү.

 

  1. Татарстан Республикасынын делегациясы Кыргыз Республикасына санариптештирүү жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу боюнча иш сапары уюштурулду.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын
    4-августунда № 107 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 «Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому кабыл алынды.

Айтылган чечимдин негизги концепциясы Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын ким экендигин аныктоо максатында калктын реестринде камтылган маалыматтарды укук коргоо органдарына берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте, ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн алкагында, электрондук формада жүргүзүлө тургандыгын белгилейт

 

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын
    2-сентябрында № 161 «Жарандарды Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору менен документтештирүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому кабыл алынды.

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин борбордук аппаратында гана эмес, аталган департаменттин аймактык органдарында дагы жашап турууга туруктуу уруксат алуу мүмкүнчүлүгү белгиленген.

2021-жыл 27-август