Отчеттук мезгил ичинде Президенттин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмү тарабынан төмөнкү багыттар боюнча иштер жүргүзүлдү:
- мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйруктарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишине укуктук экспертиза жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин ишин укуктук жактан камсыз кылуу;
- кабыл алынган мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйруктарын белгиленген тартипте системага салуу жана кодификациялоо (актылардын кагаздагы нускаларын каттоого алуу жана контролдогу абалда кармоо).
- Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине бөлүмдүн компетенциясынын чегинде укуктук консультация берүү.
2021-жылдын 20-25-сентябрына чейинки мезгил аралыгында төмөнкүдөй документтерге экспертиза жүргүзүлдү:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана буйруктарынын долбоорлору – 22;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйруктарынын долбоорлору – 12;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары тарабынан демилгеленген мыйзамдарына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кат жүзүндө даярдалган корутундуларынын долбоорлору – 3.
Отчеттук мезгил ичинде бөлүм тарабынан туруктуу негизде төмөнкү маселелерге контроль жүргүзүлүп турду:
- колдонуудагы мыйзамдарды жана алардын чечимдерин Конституцияга ылайык келтирүү бөлүгүндө, мамлекеттик органдар тарабынан 2021-жылдын 5-майындагы № 59 “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышына;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 55-б буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун ишинин алкагында жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо ишине;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчилигинин протоколдук тапшырмалардын аткарылышына;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигине.
Отчеттук мезгил ичинде белгиленген тартипте 8 башка документтер каралды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.