Отчеттук мезгил ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмү тарабынан төмөнкү негизги иштер жасалды
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы У.А.Мариповдун катышуусу менен Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги окуялардын натыйжасында жабыркаган Баткен облусунун чек арада жайгашкан айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңейтилген кеңешмеси өткөрүлдү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.К.Аалиевдин катышуусу менен бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу кеңешмелер өткөрүлдү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом жана буйрук долбоорлорун макулдашуу боюнча иш жүргүзүлдү;
- Келип түшкөн арыздар жана кайрылуулар каралып, тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди;
- Мамлекеттик органдардан келип түшкөн каттар жана кайрылуулар каралып, тийиштүү тапшырмалар берилди.