Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР Президентинин Администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн 2021-жылдын 27-сентябрынан 4-сентябрына чейинки аткарган негизги иштери

1) Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Ош шаарынын мусулмандар казыяты тарабынан Ош шаардык мэриясынын жана ОшМУнун көмөгү менен уюштурулган «Ислам тынчтыктын тиреги» аталышында илимий-практикалык конференция жана анын алкагындагы иш-чара өткөрүлдү. Эл аралык конференцияга Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекистан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүмдөрүнүн, диний уюмдардын жана окуу жайлардын өкүлдөрү жана дин аалымдары катышышты.

Иш-чаранын негизги максаты ислам дининин тынчтыкты жана ынтымакты орнотуудагы, радикализмге, экстремизмге жана терроризмге каршы түшүндүрүү-профилактикалык иш-чараларды уюштуруудагы орду жана ролу, мамлекеттик органдар менен диний бирикмелердин биргеликте иш алып баруусу, жалпы руханий жана маданий баалуулуктар, ар кандай ишенимдерди жана көз караштарды урматтоо, адамды сүйүү, толеранттулук принциптерин сактоо болуп саналат.

2) Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы дин чөйрөсүндө долбоордук иштерди жүзөгө ашырууга катышкан уюмдар менен координациялык жолугушуу өткөрдү. Иш-чарада 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын артыкчылыктуу багыттары, Кыргызстан жаштарынын арасында аялуулук, зордук-зомбулуктуу экстремизмге бөгөт коюу үчүн позитивдүү кабарчылык долбоору, окуу жана усулдук комплекстерди дискриминацияга каршы жана гендердик экспертизаларынын методологиясы, социалдык чөйрөдөгү өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо маселелери каралды. Аталган жолугушууга мамлекеттик, эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

3) Кыргыз Республикасынын Баатыры Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык мааракесине арналган салтанатуу иш-чара Ысык-Көл облусунун, Ысык-Көл районундагы, Жаркынбаев айылында уюштурулду. Иш-чара салтанаттуу жүрүш менен

башталып, Ж. Абдрахмановдун эстелигине гүл чамбар коюу, театрлаштырылган көрсөтүү, куттуктоо сөздөрү жана сыйлык тапшыруулар менен коштолду.

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу “Манас” Президенттик камералык оркестринин 20 жылдык мааракесине жана жаңы мекемеге киришине байланыштуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

5) Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун жана КР Президентинин Администрациясынын дарегине келген каттарга жооп берүү жана кайрылуу ээлерин кабыл алуу иштери уюштурулду.

2021-жыл 1-октябрь