Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР Президентинин Администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн 2021-жылдын 4-8-октябрында аткарган иштери

1) Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы даярдалып, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2021-жылдын 30-сентябрдагы № 412 Жарлыгы менен бекитилди.

2) Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын бюджетин көбөйтүү боюнча тескеменин долбоору даярдалып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2021-жылдын 30-сентябрында № 216-т тескемеси менен бекитилди.

3) Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун оозеки тапшырмасынын негизинде диний багыттагы имараттарды (мечиттерди) каттоо боюнча бөлүм Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттигинин агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Аталган кеңешмеде каттоого алынбай келген мечиттерди тез арада каттоо механизмдерин иштеп чыгуу тапшырмалары берилди.

4) Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала, Европа Биримдигинин адам укуктары боюнча атайын өкүлү Эймон Гилмор жана Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Эдуард Ауэр менен жолугушуп, өлкөдөгү этностор аралык мамилелер, дин тутуу эркиндиги жана жарандык коомго байланыштуу маселелер боюнча пикир алмашылды.

5) Александр Невскийдин туулганынын 800 жылдык майрамына карата Орус Православ Чиркөөсүнүн Бишкек жана Кыргызстан Епархиясыны тарабынан Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик фиоармониясында уюштурулган руханий музыка концерти уюштурулуп, бөлүм башчы К.Б. Базарбаевдин куттуктоо сөзү айтылды.

6) «Супара» этно-комплексинде “Кыргызсериал” студиясынын жетекчиси Ж. Өзүбекованын “Жалбыз” аттуу 36 сериядан турган социалдык багыттагы курч сюжеттүү, детективдик элементтерге бай, лирикалуу мелодраманын бет ачары өткөрүлдү. Аталган иш-чарага КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары А.А. Касымалиев ж.б. чакырылгандар катышышты.

7) Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун жана КР Президентинин Администрациясынын дарегине келген каттарга жооп берүү жана кайрылуу ээлерин кабыл алуу иштери уюштурулду.

2021-жыл 8-октябрь