– Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык сот системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик актыларды ишке ашыруу максатында беш мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун мыйзам чыгаруучу демилгеси катарында киргизилген, ал 2021-жылдын 15-июлунда Парламенттин биринчи окуусунан өтүп, учурда экинчи окуудан өтүүдө.
– 2021-жылдын 30-сентябрында Мамлекет башчысынын катышуусунда өтүүчү КР Адвокатурасынын адвокаттарынын кезектеги II съездин Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында өткөрүүчү иш-чарага бөлүм тарабынан даярдыктар көрүлдү.
– Жума ичинде бөлүмгө жалпысынан 57 кат келип түштү, алардын аткарылышы көзөмөлгө алынган.