1) 2021-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш тарабынан жергиликтүү соттун судьяларынын бош кызмат орундарына сунушталган 9 талапкер биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен дайындалышты.
2) 2021-жылдын 8-октябрында бөлүм тарабынан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемесинин долбоору даярдалып Мамлекет башчысына кол коюуга киргизилди.
– Жума ичинде бөлүмгө жалпысынан 42 кат келип түштү, алардын аткарылышы көзөмөлгө алынган.