Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Антикоррупциялык ишкердик кеңеш

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Антикоррупциялык ишкерлер кеңеши тарабынан КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 2022-2024-ЖЫЛДАРГА КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ САЯСАТЫНЫН СТРАТЕГИЯСЫНЫН ДОЛБООРУ коомдук талкууга коюлду.

Сунушталып жаткан коррупцияга каршы саясаттын стратегиясынын долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Антикоррупциялык ишкерлер кеңешинин 2021-жылдын 16-ноябрындагы резолюциясы менен  бекитилген Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиясынын саясатынын концепциясынын жобосун ишке ашыруу үчүн иштелип  чыкты.

Коррупцияга каршы саясаттын стратегиясынын долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтына жайгаштырылган:
http://www.president.kg/kg/prezidenttin_apparaty/prezidentke_karashtuu_keneshter/antikorrupciyalyk_ishkerdik_ke_esh 

Сунуштарды [email protected] электрондук дарекке жөнөтүңүздөр.

 

 


Кыргыз Республикасындагы Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясынын концепциясы

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясын кабыл алуу менен Кыргызстан президенттик башкаруу формасына өттү. Президент мамлекет башчысы, эң жогорку кызмат адамы болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигин жетектейт, мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт, мамлекеттик бийликтин биримдигин, мамлекеттик органдардын координациясын жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясында биринчи жолу коррупцияга каршы күрөшүү ченемдери камтылды: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренеси мамлекеттик бийликтин негизги принциптеринин бири катары мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдарынын коррупциялык шарттарды түзгөн аракетине (аракетсиздигине) тыюу салат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик башкарууда коррупцияга каршы саясатты жүргүзүүгө бекем ниети бар экендиги төмөндөгү жарлыктардын кабыл алынышы менен ырасталат:

  1. 2021-жылдын 8-июлундагы «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши жөнүндө».
  2. 2021-жылдын 29-январындагы «Менчикти коргоо жана ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо жөнүндө».
  3. 2021 жылдын 2-сентябрындагы «Чакан жана орто бизнести колдоо жөнүндө».
  4. 2021-жылдын 29-январындагы «Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө».

Азыркы реалдуулукта коррупцияга каршы күрөшүү үчүн коррупциялык басымдын чөйрөсүндө кантип коррупцияланбоо керек жана кызмат адамдары арасындагы коррупциянын вирусунан кантип арылуу сыйактуу  фундаменталдуу милдеттерди чечүү боюнча жаңы антикоррупциялык стратегия зарыл.

Кыргызстан коррупциянын деңгээли жогору өлкөлөрдүн тобуна кирет.

Коррупцияны жеңүүдө кыйынчылык жараткан жагдай бул эгемендүүлүк мезгилинде Кыргызстанда бийликтин күчтүү вертикалы калыптанбагандыгында. Коррупция ансыз да алсыз мамлекет бийлигин андан бетер алсыратты. Парламенттик демократияда коррупция ресурстар үчүн күрөшкө көбүрөөк багытталган саясий атаандаштыкка айланып, ого бетер күчөдү.

Коррупция көп кырдуу кубулушка айлануу менен өлкөнүн экономикалык тармагына гана таасирин тийгизбестен,  коомдук, саясий, руханий жана адеп-ахлактык жашоосуна да таасирин жайылтууда. Бул тармактардын ар бириндеги коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү үчүн, дал ушул тармактагы коррупцияга таасир этүүчү айрым механизмдерди кабыл алуу зарыл. Ошону менен бирге, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча өткөн жылдардагы тажрыйбаны эске алуу менен, коррупцияга каршы пландардын көптүгү коррупцияга каршы саясатты ишке ашырууга тоскоолдук гана кылбастан, тескерисинче, тетири таасир берип, натыйжада мамлекет менен мамлекеттик бийликтин коррупцияга каршы эффективдүү күрөшө албагандай элесин пайда кыларын моюнга алуу керек. Ошондуктан, коррупцияга каршы саясаттын натыйжалуу стратегиясы жана аны ишке ашыруунун бирдиктүү планы керек.

Коомчулук коррупцияны адилетсиздик катары кабыл алат. Кыргызстан башынан кечирген үч революциянын тең негизги себептери коррупцияга каршы күрөш болгон. Бийликтин бардык деңгээлдериндеги коррупция өз бетин ачып, агрессивдүү мүнөзгө ээ болгондо, эл революцияга чыккан. Адилетсиздик сан жагынан өлчөнө албайт, бирок укуктук көз караштан алганда, адилетсиздик — бул, өзүнүн кызматтык милдетине кайдыгер мамиле кылуу же аны кыянаттык менен пайдалануу, башкача айтканда, жазасыз калган же мыйзамдын өзү тарабынан санкцияланган кызматтык кылмыш.

Адилетсиздик — бул мыйзамды аткаруудан баш тартуу, мамлекеттик кызматкер, сот же саясатчы тарабынан олуттуу материалдык пайда алуу үчүн кабыл алынган туура эмес чечимдин натыйжасы. Биздин коомдо коррупция өзүн-өзү жаратып, өзүн-өзү багуучу системага айланды. Чиновниктердин, аткаминерлердин коррупцияга жакын болгондун бирден бир себеби — коррупция коррупция катары бааланбай, жазасы жумшак болуп, кирешеси абдан чоң болгондугунда. Ошондуктан коррупцияны көзөмөлдөө үчүн аны аныктап-таап чыгуу деңгээли өтө жогору болгон, оңой менен кутулуп кете албагандай жазаны чегере турган, натыйжалуу текшерүү жана тең салмактуулук системасын камсыз кыла алган эффективдүү институттук структураларды түзүү менен ишке ашырабыз.

Коррупцияга каршы стратегияны иштеп чыгууда дагы бир өзгөчөлүктү эске алуу керек. Мамлекеттик аппарат ичиндеги коррупцияга каршы күрөштү ошол аппараттын өзүнүн өкүлдөрү гана жүргүзүп келген. Бул көрүнүш эки натыйжага алып келди: биринчиден, коррупцияга каршы күрөшүүчүлөр коррупциянын пайда болушунун түпкү себептерин өзгөртө алышкан жок, анткени алар ошол системанын органикалык жашоосунун эң маанилүү шарты болуп саналышкан (өзүн өзү өстүргөн коррупция); экинчиден көмүскө экономика өсүп-өнүккөн шартта коррупционерлер менен күрөшүү көбүнчө коррупциялык кызмат көрсөтүү рыногундагы атаандаштардын күрөшүнө айланып кеткен. Андыктан коррупцияга каршы саясатты иштеп чыгууда жана ишке ашырууда бардык кызыкдар тараптардын, коомдун түрдүү катмарларынын өкүлдөрүнүн катышуусу абдан маанилүү жана Президенттин алдындагы антикоррупциялык ишкердик кеңешинин платформасы дал ушундай аянтча болуп саналат.

Дагы бир маанилүү маселе — коррупцияга каршы иш-аракеттерди координациялоо маселеси. Ар бир мамлекеттик орган көз карандысыз мамлекеттик структура болгондуктан, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн техникалык жана финансылык колдоосу менен коррупцияга каршы өзүнүн жеке пландарын жана долбоорлорун ишке ашырып келишүүдө. Ошол эле учурда, мындай долбоорлордун эффективдүүлүгү жөнүндөгү отчеттор тар чөйрөдө колдонулуп, коомго жеткиликтүү эмес. Мамлекеттик органдар ишке ашырган коррупцияга каршы бардык чаралардын жалпы координациясынын жоктугу, долбоорлордун негизги бенефициары катары Мамлекет башчынын коррупцияга каршы саясатынын ишенимдүүлүгүн олуттуу түрдө төмөндөтөт. Андыктан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бардык иш-чараларды координациялоо, анын ичинде мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы алдын алуу чараларынын системасын түзүү, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин катчылыгына жүктөлөт.

Коррупциялык кылмыштарды аныктоо боюнча укук коргоо жана фискалдык органдардын ишин координациялоону камсыз кылуу Конституциялык көзөмөл органы — Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жүктөлгөн, ал эми коррупциялык кылмыштар үчүн жазанын сөзсүз болушун камсыз кылуу сот системасынын ишмердүүлүгү менен ишке ашырылууга тийиш.

Төмөндөкү Коррупциянын субъекттерине профилактикалык максаттуу таасир этүү үчүн натыйжалуу текшерүү жана тең салмактуулуктун эффективдүү системасын түзүү зарыл:

— мамлекеттик коррупция (мамлекеттик кызматкерлердин коррупциясы);

— коммерциялык коррупция (фирмалардын жетекчилеринин коррупциясы);

— саясий коррупция (саясатчылардын коррупциясы).

28-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо ушул жылдын 5-майында кабыл алынган Башмыйзамга ылайык өткөрүлөт. Бул шайлоодо биздин коом люстрация принцибин толугу менен ишке ашыра алышат. Анткени мыйзам чыгаруу бийлигине коррупцияга малынбаган адамдарды келтирүү — бул Президенттин саясий эрки. Бир мандаттуу жана партиялык тизмелер ачык болуп жана партиялык тизмедеги орундарды сатуу өз маанисин жоготту. Конституциянын биринчи беренесинин негизги принциби: «Кыргыз Республикасынын эли — эгемендүүлүктүн ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы. Ал эми Кыргыз Республикасынын элинин атынан сүйлөөгө Президент менен Жогорку Кеңеш укуктуу». Жогорку мыйзам чыгаруучу органга татыктуусун тандоодо, өлкөнүн жарандары «Коррупцияга жол жок» деп айтышы керек.

Элдин адеп-ахлактуулугу коррупцияга сабырсыздык менен аныкталат. Мамлекеттик кызматта жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген же бул жаатта иштөө үчүн келе турган ар бир адам кызмат орду артыкчылык эмес, жоопкерчилик экенин билиши керек. Мыйзамдын үстөмдүгү, жоопкерчилик, ачыктык жана адилеттүүлүк гана элдин мамлекеттик институттарга болгон ишенимин кайтарып, Кыргызстан элинин биримдигин жана анын мындан аркы өнүгүшүн кепилдей алат.

Коррупцияга каршы саясаттын эң башында жөнөкөй жарандын: дыйкан же ишкер болобу, мугалим же аскер адамыбы, дарыгер же мамлекеттик мекеменин катардагы кызматкери болобу, алардын укуктарын коргоо турушу керек. Ошондуктан, бийликтеги эң жогорку саясий жана административдик кызматтарды аркалаган адамдардын мыйзамсыз иштерин, жеке кызыкчылыктардын мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууну жүзөгө ашыруу үчүн коррупцияга каршы стандарттар системасын (тыюу салуулар, милдеттер жана чектөөлөрдү) андан ары өркүндөтүү зарыл.

«Коррупция» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдар үчүн ал адам соттуулугун жойсо да жана/же кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган болсо да, коррупциялык кылмыштардан келтирилген зыяндын суммасынын кесепеттери мамлекетке төлөнсө да, кызматташууга барса да, ал адамга мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кайра кирүүгө тыюу салуу керек. Коррупцияга каршы стандарттарды сактабагандыгына байланыштуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтан бошотулган адамдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка, директорлор кеңешине,  мамлекеттик үлүшү бар ААКдун башкаруу органдарына дайындалуусуна же кирүүсүнө тыюу салынат.

Мамлекеттик органдардын бизнес коомчулугу менен жарандык секторунун эффективдүү аракеттенүүсүн түзүү үчүн, уставдык ишмердүүлүгү коррупцияга каршы күрөшүү менен байланышкан бизнес-коомчулуктун, коммерциялык эмес коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, эксперттик жана илимий коомчулукту жана Юстиция министрлигинде  коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү, ошонун ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин активдерин, кирешелерин жана чыгашаларын текшерүүнү жүргүзүү боюнча  аккредитацияланган көз карандысыз эксперттерди коррупцияга каршы ведомстволор аралык комиссияларга кошуу практикасын кеңейтүү зарыл.

Коррупция менен күрөшүү чөйрөсүндөгү идеология коомчулуктун да, мамлекеттик аппараттын да, соттун жана укук коргоо органдарынын да коррупцияга каршы моралдык жана этикалык ишенимин жогорулатууга негизделиши керек. Кадрлар резервин түзүүдө жана жумушка алуу жол -жоболорунун ачык -айкындуулугу менен бирге талапкерлер кадр тандоо этаптарынын бири катары, полиграф тестинен жана бул талапкердин коррупциялык аракеттерге азгырылышына каршы туруусун аныктоо үчүн психологиялык тесттен өтүшү керек.

Жарандар жана ишкерлер көп учурларда соттук териштирүүлөрдүн толук кандуу катышуучулары болбогондуктан, аудио-видео жазуулар (АВЖ) аркылуу соттошуунун ачыктыгын камсыз кылуу, айрыкча жалпы юрисдикциядагы соттордо өтө маанилүү милдет жана муну мүмкүн болушунча эң кыска убакыта чечүү керек, ансыз да аудио-видео жазууну колдонуу мыйзам тарабынан жөнгө салынган.

Өлкөнү өнүктүрүүнүн 30 жыл аралыгында коррупцияга каршы көптөгөн стратегиялар жана пландар кабыл алынганына карабастан, коррупция азайбагандыгы эч кимге деле жашыруун эмес. Карапайым эл, жөнөкөй ишкерлер мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан күрөшүн көрүп, оң натыйжаларын сезиши керек. Бүгүнкү күндө жарандар 364төн ашык мамлекеттик кызматтарды кагаз жүзүндө акы төлөп алышат, ал эми болгону мамлекеттик 123 гана кызмат мамлекеттик порталы аркылуу алынат. ЖӨБ деңгээлинде жарандар ар кандай мүнөздөгү 180 күбөлүктү акы төлөп алышат. Жарандар мамлекеттик кызматтарды жана ЖӨБ деңгээлинде алынуучу кызматтарды «Түндүк» электрондук порталы аркылуу мүмкүн болушунча тезирээк жана арзаныраак алуулары зарыл. Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ (МСУ) органдарынын ачыктыгы жана отчеттуулугу санариптештирүү аркылуу өтө кыска мөөнөттө камсыз кылынууга тийиш.

Заманбап дүйнөдө коррупция мындан ары жергиликтүү көйгөй эмес, коомго жана бардык өлкөлөрдүн экономикасына таасир эткен трансулуттук көрүнүшкө айланган.

Кыргызстан БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясын ишке ашырат, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекеттер аралык коррупцияга каршы кеңешинин, Экономикалык кызматташтык жана Өнүгүү уюмунун (ЭКӨУ), Европа кеңешинин алкагында коррупцияга каршы иш-чараларды жүргүзөт.

Евразия экономикалык биримдигинин интеграциялык процесстеринин алкагында, туруктуу инклюзивдүү экономикалык өнүгүүнү түзүү үчүн, Евразия экономикалык интеграциясы 2025-жылга чейин өнүгүүнүн стратегиялык багыттарына ылайык, мүчө-өлкөлөр үчүн коррупцияга каршы бирдиктүү стандарттарды иштеп чыгуу маселесин кароо зарылдыгы келип чыкты.

Сунушталган Концепцияга ылайык, коррупцияга каршы саясаттын стратегиясын иштеп чыгуу үчүн бардык тараптардын катышуусу менен жана Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин мүчөлөрүнүн сунуштарын эске алуу менен жумушчу топ түзүлөт.

Биз Стратегиянын биринчи долбоорун ушул жылдын декабрь айынын ортосунда коомдук талкууга коюуну пландап жатабыз.