Индияга квалификацияны жогорулатуунун кыска мөөнөттүү курстарына конкурс жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү маселелери боюнча комиссия Индия техникалык жана экономикалык кызматташтык программасы (ITEC) боюнча Индияга квалификацияны жогорулатуунун кыска мөөнөттүү курстарында 2014-2015-окуу жылында окууга конкурс жарыялайт.
Талапкерлерге коюлган талаптар:
Талапкерлер үчүн зарыл болгон документтер:
Курстар, табыштаманын формасы, талапкерлер үчүн шарттар жөнүндө толук маалыматтар http://www.itec.mea.gov.in расмий сайтында жайгашкан.
Техникалык багыттар боюнча курстар артыкчылыктуу болот.
Документтер:
- 2014-жылдын июлу-сентябры мезгилине пландаштырылган курстарга 2014-жылдын 30-майына чейин;
- 2014-жылдын октябры – 2015-жылдын марты мезгилине пландаштырылган курстарга 2014-жылдын 10-июнуна чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 205, конвертте “Конкурс, ITEC Индия, № 629 кабинет” деген белги болууга тийиш.
Маалымат алуу телефону: + 996 312 63 87 37, + 996 312 63 91 81.
Анкета >>>.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча Коомдук эксперттик кеңештин экинчи отуруму болуп өттү
2013-жылдын 7-февралында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча Коомдук эксперттик кеңештин экинчи отуруму болуп өттү.
Кеңештин бул отуруму жакында бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынан келип чыккан билим берүү тутумун реформалоо боюнча маселелерди талкуулоого арналды. Бул көйгөйлөрдүн фонунда Кеңештин мүчөлөрү жана отурумдун катышуучулары Өкмөт бекиткен 2012-2020-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиясынын негизги жагдайларын да талдоого алышты.
Отурумдун ишине жогорку окуу жайларынын жетекчилери, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү катышты. Катышуучулар «Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясынан келип чыккан, жашоонун бардык тармактарындагы – экономика, саясат жана социалдык чөйрөдөгү милдеттерди чечүү үчүн билим берүү кандай болуусу керек?» деген суроону талкууга алышты. Ошондой эле, Кеңештин мүчөсү З. Дербишева сунуштаган «Жогорку билим берүү бүгүн: көйгөйлөрү жана азыркы учурда өнүктүрүү келечектери» деген орчундуу проблеманы да талдашты.
Отурумда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Канат Садыков сүйлөдү. Ал жождорду кыскартуу жана айрымдарын өз алдынча каржылоого өткөрүү боюнча министрликтин концепциясын ортого салды.