Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча Коомдук эксперттик кеңеш

Билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча Коомдук эксперттик кеңеш жөнүндө

Коомдук эксперттик кеңеш билим берүүнү өнүктүрүү жана Кыргызстандын жарандарынын жаңы муунун тарбиялоо боюнча мамлекеттик саясатты түзүү жана жүзөгө ашыруу боюнча ишке жарандык коомдун жана эксперттик жамааттын өкүлдөрүн тартуу максатында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Коомдук эксперттик кеңештин негизги милдети болуп билим берүүнү өнүктүрүү жана Кыргызстандын жарандарынын жаңы муунун тарбиялоо маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу саналат.

Коомдук эксперттик кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

Коомдук эксперттик кеңештин функциялары жана укуктары

Коомдук эксперттик кеңеш:

1) билим берүүнү өнүктүрүү жана Кыргызстандын жарандарынын жаңы муунун тарбиялоо чөйрөсүндө мамлекеттик бийлик органдарына рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун ортосундагы баарлашуу аянтчасы болуп саналат;

2) билим берүүнү өнүктүрүү жана Кыргызстандын жарандарынын жаңы муунун тарбиялоо маселелерин козгогон Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, ошондой эле мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна коомдук экспертиза жүргүзүүгө;

3) билим берүүнү өнүктүрүү жана Кыргызстандын жарандарынын жаңы муунун тарбиялоо боюнча мамлекеттик саясатты калыптандырууда жана жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын керектөөлөрү менен таламдары жөнүндө маалыматтарды эске алуу максатында, аларды топтойт жана талдоого алат;

4) билим берүүнү өнүктүрүү жана Кыргызстандын жарандарынын жаңы муунун тарбиялоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясат маселелери боюнча рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгат жана алга илгерилетет.

Коомдук эксперттик кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:

1) билим берүүнү өнүктүрүү жана Кыргызстандын жарандарынын жаңы муунун тарбиялоо маселелери боюнча жарандык форумдарды, угууларды жана башка иш-чараларды уюштурууга;

2) өз ыйгарым укуктарынын чегинде актуалдуу маселелерди кароо боюнча жумушчу топторду түзүүгө жана өз ишине улуттук жана эл аралык эксперттерди тартууга;

3) мамлекеттик органдардан жана уюмдардан ага жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон, мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырды камтыган документтерден тышкары, маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте суратууга жана алууга;

4) жыл сайын өз ишмердиги жөнүндө отчетту даярдоого жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого.

Коомдук эксперттик кеңештин курамы 1 жылдык мөөнөткө Президент тарабынан түзүлөт.

Коомдук эксперттик кеңештин курамына жарандык сектордун өкүлдөрү, ошондой эле коомчулуктун колдоосуна ээ болгон, жеке кадыр-баркка ээ жана өзүнүн кесиптик чөйрөсүндө таасири бар, эксперттик билимдерге ээ, Коомдук эксперттик кеңештин ишмердигинин негизги маселелерин билген адистер кирет.

Коомдук эксперттик кеңештин мүчөлөрү өз ишмердүүлүгүн коомдук башталыштарда жүзөгө ашырышат.

Билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча Коомдук эксперттик кеңеш жөнүндө Жободон


 Билим берүүнү жана илимди өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештин

КУРАМЫ

Адамкулова Чинара Усенбековна

-

экономика илимдеринин кандидаты, профессор, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору (макулдашуу боюнча);

Глушкова Марина Юрьевна

-

биология илимдеринин кандидаты, Социалдык интеграциялоо борборунун директору (макулдашуу боюнча);

Дербишева Замира Касымбековна

-

филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы байкоочу кеңештин жетекчиси (макулдашуу боюнча);

Жусупова Алия Мырсалиевна

-

"Билим берүү демилгелеринин форуму" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);

Керезбеков Канат Керезбекович

-

юридика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору (макулдашуу боюнча);

Ким Алла Николаевна

-

Бишкек шаарынын № 47 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору (макулдашуу боюнча);

Коротенко Владимир Александрович

-

философия илимдеринин кандидаты, "Биом" экологиялык кыймылынын кеңешинин төрагасы(макулдашуу боюнча);

Кулмырзаев Асылбек Атамырзаевич

-

техника илимдеринин доктору, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин биринчи проректору (макулдашуу боюнча);

Мундузбаева Елена Владимировна

-

Бишкек шаарынын № 12 мектеп-гимназиясынын окуу-тарбия берүү комплексинин директору (макулдашуу боюнча);

Разаев Маматкалил Маматюсупович

-

Азия Өнүктүрүү Банкынын долбоорлору боюнча адис (макулдашуу боюнча);

Рыскелдиев Улан Асанович

-

техника илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын эксперти (макулдашуу боюнча);

Сирмбард Светлана Рустамовна

-

доцент, Бишкек финансы-экономикалык академиясынын ректору, Кыргыз Республикасында жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча улуттук эксперт (макулдашуу боюнча);

Эсенгулова Миргүл Молутбековна

-

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын доценти (макулдашуу боюнча).