Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Коргоо кеңеши

 

ИМАНКУЛОВ Марат Муканович

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы


 

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө
ЖОБО

  1. Жалпы жоболор
  2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын (мындан ары — Катчылык) укуктук статусун, милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын, ошондой эле анын ишин уюштуруу принциптерин аныктайт.
  3. Катчылык Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин (мындан ары — Кеңеш) ишин камсыз кылган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары — Президенттин Администрациясы) өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

Катчылык белгиленген үлгүдөгү бланктарга жана эмблемага ээ.

  1. Катчылык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
  2. Катчылык өз ишин Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары, Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, ошондой эле Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жана башка органдар менен өз ара аракеттенип жүргүзөт.

Жүктөлгөн милдеттерди чечүүдө Катчылык ошондой эле коомдук бирикмелер, жарандык коомдун башка институттары жана жарандар менен өз ара аракеттенет.

  1. Катчылыктын милдеттери, функциялары жана укуктары
  2. Катчылыктын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттин коопсуздук жана коргонуу жөндөмдүүлүгү, коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык маселелери боюнча ишмердигин маалыматтык-талдоо жагынан камсыз кылуу, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин жашоо-турмушунун ар кандай чөйрөлөрүндө коопсуздуктун абалы жөнүндө талдоо баяндамаларын даярдоо;

2) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу системасынын иштеши жөнүндө маалыматты топтоо, изилдөө жана иштеп чыгуу;

3) Кыргыз Республикасынын Президентине төмөнкүлөр боюнча сунуштарды даярдоо:

— улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана өркүндөтүү;

— өзгөчө (кризистик) кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу, алардын кесепеттерин жоюу;

— өзгөчө же согуштук абалды киргизүү, узартуу жана алып салуу;

— Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунучтар келип чыккан учурда оперативдик жооп кайтаруу чаралары;

4) мамлекеттин коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылган мамлекеттик органдардын ишмердигинин натыйжалуулугуна баа берүү;

5) Кеңештин жыйналыштарында каралуучу келечектүү темалардын тизмесин түзүү;

6) Кеңештин жыйналыштарын, оперативдик жана жумушчу кеңешмелерин даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуу;

7) Кеңештин чечимдеринин ишке ашырылышына мониторинг жана контролдоо жүргүзүү.

  1. Катчылык милдеттерди чечүү үчүн төмөнкү функцияларды ишке ашырат:

1) Кеңештин жыйналыштарын, оперативдик жана жумушчу кеңешмелерин уюштуруу жана өткөрүү;

2) Кеңештин чечимдеринин долбоорун иштеп чыгуу, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилгелөө жана кароо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысынын директиваларын, буйруктарын жана чечимдерин даярдоого катышуу;

3) коопсуздукту жана коргонууну камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кеңештин чечимдерин ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо, алардын аткарылышын контролдоо;

4) коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук, региондук жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүнө талдоо жүргүзүү жана божомолдоо;

5) инсандын, коомдун жана мамлекеттин жашоо-турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына болгон ички жана тышкы коркунучтарды аныктоо боюнча механизмдерди өркүндөтүү бөлүгүндө сунуштарды иштеп чыгуу;

6) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чындоо жаатындагы тышкы жана ички саясатты ишке ашыруу процессине, социалдык-саясий жана экономикалык абалга, өлкөдөгү мыйзамдуулуктун жана укук тартибинин абалына, улуттук коопсуздуктун коркунучтарына каршы аракеттенүү, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдарда калкты жана мамлекеттин аймагын коргоо боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү;

7) Кеңештин компетенциясына таандык маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруу;

8) Кеңештин Төрагасынын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик түзүлүштөрдү жана укук коргоо органдарын инспекциялоо, коопсуздукту жана коргонууну камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишмердигин текшерүү, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана алардын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү бөлүгүндө сунуштарды киргизүү;

9) улуттук коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндө концепцияларды, стратегияларды, доктриналарды жана башка стратегиялык документтерди иштеп чыгууну уюштуруу;

10) министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга Катчылыктын компетенциясына таандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларынын долбоорлорун даярдоо;

11) Катчылыктын компетенциясына таандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине жана Президенттин Администрациясына даректелген жарандардын жана министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун кайрылууларын карап чыгуу;

12) жогорку аскердик жана атайын наамдарды, ардактуу наамдарды берүү, ошондой эле аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын жана республиканын башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүү;

13) Кеңештин компетенциясына таандык маселелер боюнча илимий изилдөөлөрдү уюштуруу;

14) Катчылыктын компетенциясына таандык маселелер боюнча ведомстволор аралык комиссияларды, эксперттик жана жумушчу топторду түзүү.

  1. Катчылык төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин түрүнө карабастан илимий мекемелерден, ишканалардан жана уюмдардан Катчылыктын компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча маалыматты суратууга жана алууга;

2) Кеңештин компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча жумушчу топтордун, комиссиялардын, анын ичинде ведомстволор аралык жумушчу топтордун, комиссиялардын ишине катышууга;

3) мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, тескемелеринин жана тапшырмаларынын, ошондой эле Катчылыктын компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча Кеңештин чечимдеринин аткарылышы тууралуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана кызмат адамдарынын ишмердиги тууралуу маалыматтарын угууга;

4) мамлекеттин коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу маселелери боюнча компетенттүү болгон мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын, ошондой эле илимий мекемелердин, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, уюмдардын адистерин жана эксперттерин ишке тартууга;

5) Катчылыктын компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк дипломатиялык жана башка өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери менен өз ара аракеттенүүгө;

6) Катчылыкка жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка укуктарды жүргүзүүгө.

  1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы
  2. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы (мындан ары — Катчы) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
  3. Катчы Катчылыктын ишин уюштурууну жана Кеңештин чечимдерин аткарууну камсыз кылат.
  4. Кеңештин ишин камсыз кылуу боюнча өз ишинде Катчы Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш ийет, ал эми башка маселелер боюнча Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары жана Президенттин Администрациясынын Жетекчиси менен өз ара аракеттенет.
  5. Катчынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Катчынын орун басарлары болот.

Катчы коомдук башталышта кеңешчилерге ээ болууга укуктуу.

  1. Катчы:

1) Кеңештин ишин камсыз кылуу боюнча Катчылыктын ишине жалпы жетекчилик кылат;

2) Кыргыз Республикасынын Президентин улуттук коопсуздук жана коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн абалы жөнүндө маалымдайт;

3) Кеңештин Төрагасынын жетекчилиги астында Кеңештин иш пландарын иштеп чыгууну уюштурат, анын жыйналыштарынын күн тартибин түзөт, Кеңештин жыйналыштарына жумушчу материалдарды, ошондой эле анын чечимдеринин долбоорлорун даярдоону камсыз кылат;

4) Кеңештин жыйналыштарын даярдоо жана уюштуруу тартибин аныктайт;

5) Кеңештин мүчөлөрүн жана чакырылган адамдарды Кеңештин кезектеги жыйналышын өткөрүү күнү жана орду, күн тартиби жөнүндө алдын ала маалымдайт, аларды зарыл болгон маалыматтык-маалымдама материалдар менен камсыз кылат;

6) Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдойт;

7) Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча чет мамлекеттердин тиешелүү органдары жана эл аралык уюмдар менен анын ишине байланыштуу маселелер боюнча мамилелерде Кеңештин атынан иш алып барат;

8) Кыргыз Республикасынын Президентине, Коопсуздук кеңештин Төрагасынын орун басарына жана Кеңештин мүчөлөрүнө Кеңештин чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымдайт;

9) Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча түшүндүрмө берет;

10) кризистик жана өзгөчө кырдаалдар учурунда же өзгөчө абал киргизилгенде мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн координациялайт;

11) Кеңештин мүчөлөрү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү менен жумушчу жана көчмө кеңешмелерди өткөрөт;

12) Катчылыктын компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча ведомстволор аралык комиссияларды, эксперттик жана жумушчу топторду түзүү жөнүндө тескемелерди чыгарат;

13) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кеңештин чечимдерин аткаруу үчүн мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырмаларды жана сунуштарды берет;

14) Катчынын орун басарларынын ортосунда кызматтык милдеттерди бөлүштүрөт;

15) Катчылыктын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин бекитет;

16) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентине Катчылык жөнүндө жобонун долбоорун, ошондой эле анын штаттык саны жана түзүмү боюнча сунушун киргизет;

17) Президенттин Администрациясынын Жетекчисине белгиленген тартипте Катчылыктын кызматкерлеринин жана кеңешчилердин кызмат ордуна дайындалуучу талапкерлер боюнча көрсөтмөлөрдү киргизет, ошондой эле аларды кызмат ордунан бошотуу тууралуу сунуштарын берет;

18) Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасына кирген кызматтарга дайындоо үчүн талапкерлерди киргизет;

19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жогорку аскердик жана атайын наамдарды ыйгаруу боюнча көрсөтмөлөрдү киргизет;

20) Кеңештин компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

  1. Катчы Катчылыкка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат.
  2. Катчылык
  3. Катчылык тынчтык мезгилинде Кеңештин ишин маалыматтык-талдоо жана уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылууну ишке ашырат, ал эми согуш мезгилинде бул камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы ишке ашырат.
  4. Катчылыктын кызматкерлери Катчынын сунушу боюнча Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

Катчылыктын кызмат адамдары мамлекеттик кызматчылар болуп саналат.

  1. Катчылыктын кызматкерлери Кеңештин иши жөнүндө купуя маалыматты же болбосо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу аларга белгилүү болгон башка маалыматты жарыялоого укугу жок.
  2. Катчылыктын ишин маалыматтык-талдоону камсыз кылуу Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтуна, убактылуу комиссияларга, жумушчу топторго жүктөлөт.
  3. Катчылыктын ишин материалдык-техникалык жана транспорттук камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ишке ашырат.
  4. Катчынын орун басары Катчы жокто анын милдетин аткарат.
  5. Катчылыктын инспекторлору Катчылыктын милдеттерине ылайык мамлекеттик органдарга кураторлук кылышат.
  6. Катчынын орун басарлары жана Катчылыктын кызматкерлери Катчы тарабынан бекитилген кызматтык милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.